Cадыр Жапаров Сауд Аравияда саммитке катышат

  • 6 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаровдун 9-10-ноябрда Францияга болгон иш сапары аяктады. Бүгүн, 11-ноябрда, Сауд Аравиясында Ислам саммитине катышуу үчүн Эр-Рияд шаарына барды.

Президент Садыр Жапаровду ханзаада Мохаммед бин Абдуррахман бин Абдель Азиз — Эр-Рияддын губернаторунун орун басары тосуп алды.

Иш сапар алкагында Президент Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина-Израиль жаңжалын талкуулоо пландаштырылууда.

Ал эми Франциядагы сапар аяктады. Андагы сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчы Елисей сарайында Франциянын президенти Эммануэль Макрондун кабыл алуусуна катышты. Анда башка өлкөлөрдүн мамлекет башчылары жана алардын жубайлары болду.

Сапардын экинчи күнүндө мамлекет башчы Жапаров ЮНЕСКОнун имаратында уюмдун башкы директору Одра Азуле менен жолугушту.

Андан кийин президент Жапаров ЮНЕСКОнун башкы конференциясынын 42-сессияcына катышты жана сөз сүйлөдү.

Садыр Жапаров бир катар ири компаниянын жетекчилери менен жолугушту.

Ошондой эле “Бир планета” саммитинде мөңгүлөрдү сактоо жана суу ресурстарын коргоо боюнча кызматташууну бириктирүүгө чакырды.    

Күндүн экинчи жарымында кыргыз-француз бизнес форумуна катышты. Мындан тышкары президент Эммануэль Макрон менен сүйлөшүү жүргүздү.

Сапардын соңунда Садыр Жапаров Сауд Аравияда Ислам саммитине катышууга жөнөп кетти.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты