“Эптеп эле кыйкым таап, өзбек тарап менен чабыштыргысы келген ою ишке ашпайт”. Жапаровдун жаңы маеги

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча акыркы окуяларга байланыштуу “Кабар” маалымат агенттигине жаңы маек берди.

Анда айрым депутаттар, тагыраагы Адахан Мадумаров «Сууну кыргыз тарап тазалайт экен, форс-мажор болсо горизонталь белгиси өзгөрө берет экен» деген маанайда ЖМКга айткандары боюнча мындай деди:  

— Мадумаров өмүр бою парламенттен чыкпай олтура берип, теоретик болуп калган. Практикалык иш жасап көргөн эмес. Ошол үчүн практика жүзүндө кандай иштер болуп калаарын билбейт.

Бул жердеги форс-мажор деген сөз боюнча, өткөндө – ушул жылдын жай айында нөшөрлөп жааган жамгырда Сузак районунда канча деген биздин айылдарыбызды сел алып кетти. Ошол күнү биз өзбек тарапка чыгып, сууну жаба тургула деп жаптырдык. Албетте, сууну жапканда горизонт бир аз көтөрүлөт. Көп болсо 20-30 см көтөрүлөт. Эгер жаппаганда андан да көп айылдарыбызды сел агызып кетет эле. Жаан токтогондон кийин кайра ачтырдык. Мына ушундай учурларды форс-мажор деп коет. Ушундай учурларды гана.

Азыр эми биз дагы плотинаны башкарууга кирип атабыз да. Мындан ары мындай учурларда маселе жаралса, эки тарап чогуу эле маселени жеринде чечип кете беришет. Суу азайышы мүмкүн, бирок 900дөн өйдө көтөрүлбөйт.

Ал эми “сууну биз тазалап берет экенбиз” дегени акылга сыйбайт. Андай маселе жок. Эмне суунун алдына түшүп алып тумшугу менен таш түртөбү же кум шыпырабы? Кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөйбүз.

Эптеп эле бир жеринен кыйкым таап, өзбек тарап менен чабыштырып жибергиси келип турган арам ою ишке ашпайт, -деди  Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимдин долбоорун жактырды.

Депутат Мадумаров макулдашуунун долбоорунда Кыргызстанга Өзбекстан тараптан бир топ татаал шарттар коюлганын билдирди:

«Биз сууну камсыз кылып беришибиз керек экен. Сууну тазалап да беришибиз керек экен. 900-горизонталдан ашпайт деп атышпайбы, жок, форс-мажордук кырдаалдарда андан ашып кетүү ыктымалдыгы да айтылып жатат».

Долбоор комитетте жабык каралды. Документти комитеттин жыйынына айыл чарба министрлиги алып келди. Долбоорду жабык кароого комитеттин он мүчөсүнүн үчөө — Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков жана Нуржигит Кадырбеков каршы болушту.

Кемпир-Абадды коргоо комитети Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылуу жазды.

«Биз, Кыргызстандын белгилүү жана таанылган коомдук жана саясий ишмерлери, жарандык коомдун кызыкчылыгын коргогон бир топ, Кемпир-Абад/Анжиян суу сактагычына жакын айылдардын тургундары, пландалган кол коюуну кийинкиге калтырууну өтүнөбүз» деп билдирген.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимдин долбоорун жактырды. Депутаттар Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков жана Нуржигит Кадырбеков бул маселенин каралышына каршылык көрсөтүп, добуш берүү учурунда жыйындан чыгып кетишти.

Буга чейин, 10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун колдогон. 6 депутат «макул», 4 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди. Келишимдин долбооруна андагы комитет жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков кол койгон эмес.

«Бул маселе боюнча бир нече жолу өз көз карашымды айттым. Кагаздарды, документтерди көрмөйүнчө макулдугумду бере албасымды билдиргем. Мен каршы добуш бердим» деди Айдарбеков 10-октябрдагы комитет жыйынынан кийин. Чыңгыз Айдарбеовдун ордуна комитет төрагалыгына Улан Примов шайланган.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттер эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, .Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда саясатчылардын, активисттердин жапырт камалышы жана Кемпир-Абад маселеси боюнча жөө жүрүш уюштурулду.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты