Депутат Чыңгыз Айдарбеков:  Эл өкүлүнө одоно мамиле жасалып жатат (Видео)

Бүгүн, 19-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков сөз сүйлөп, делимитация жана демаркация маселеси, Кемпир-Абад боюнча комитеттин чечими жана аткаруу бийлигинин өкүлүнүн өзүнө карата айткан пикирлери боюнча сөз сүйлөдү.

-Кыргызстандын эң чоң жетишкендиктеринин бири бул ачык, демократиялык коом. Элибиз эки институтту шайлайт, президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын. Элдин өкүлдөрү болуп, алардын мүдөөлөрүн ишке ашырууга аракет кылабыз. Жогорку Кеңеш бул өзгөчө бийлик бутагы. Бийликтин жана элдин ортосунда көпүрө катары депутаттар турушат. Элибиз бизге чоң үмүт менен карайт. Тең салмактуу, адилеттүү чечимдерди кабыл алат деп күтүп турат. Делимитация бул өтө сезимтал маселе.

Туура, боордош мамлекеттер менен кызматташтыгыбызды бекемдешибиз керек. Бул эки тараптуу кыймыл жана чечим. Эки тарапка тең пайдалуу чечим алып келиш керек. Илгертеден бүгүнкү күнгө чейин бир тууганыбыз менен суу боюнча күрөшөбүз. Сөзсүз ушундай болот, сөзсүз ушундай болушу керек. Эч качан шек саноо болбош керек. Ынтымакта жашайбыз. Өзбекстандын президенти Шавкат Миромонович акылдуу, даанышман инсан. Анын мөөнөтүндө Өзбекстан чоң жетишкендиктерге ээ болду. Укмуштуудай, кереметтүү өсүүдө Өзбекстан. Бирок кеп Өзбекстан боюнча эмес.   

Маселе — ичибизде, мамлекетебизде. Сый-урмат менен талкуулообуз керек. Депутаттардын өзүнчө макамы бар. Өткөн аптада, дүйшөмбү күнү өкмөт бизге келишимдин долбоорун алып келип, макулдук бергиле, жактырылсын деп сурашты. Жакшы билесиздер, мен бир топ жолу маалымат бердим, кагаздар толук берилген жок, бизди шаштырышты. Кечээ күнү айтып жатат, мен бүт кагаздарды көрдүм деп. Муну бат эле тастыктаса болот, биринчи сектор иштейт, бул купуя кагаздар, протоколдор жана карталар. Биринчи сектордун башчысы «кол койгон жокмун» деп өзү айтты. Өткөн апта делимитация боюнча пакет колума тийди. 11-октябрда бизге кагаздарды кайра кайтарып бергиле деди. Ошого карабастан регламенттин негизинде алып бардык. Кечинде кворум болду, президенттин өкүлү келди. Бул коллегиалдуу орган. Мен жалгыз чечим кабыл албайм. Сиздер менен  баарлашып, акылдашып, тынч, талашпай, төрагалыктан кетейин деген чечимге келдим.

Бирок кечээ бир киши коомго кайрылып, мени далилсиз айыптады, адилетсиз жамандады, намыска тийди. «Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт». Аткаруу бийлигинин өкүлү ал дайындалган киши, шайланган депутатка саясий баа берип жатат. Муну кандай түшүнсө болот? Элдин өкүлүнө одоно мамиле жасалып жатат. Бул — мамлекет кызматкеринин сабатсыздыгы.

Ар бир бийлик бутагы өз милдетин аткарыш керек. Жер жүзүндө парламент бул эң маанилүү демократиялык институт. Бийликке баланс болуш керек. Чыныгы демократиялык коомдогу эң маанилүү булагы бул- эл.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, кечээ күнү сиз менен жолугуп, пикир алыштык. Диалогго дайыма даяр экениңизге күбө болдум. Кандай болбосун, бул чечим тарыхта калат. Мамлекет үчүн баарыбыз күйүп турабыз. Тең салмактуу чечим кабыл алынат деп терең ишенем. Кошоматчылардын табияты туруктуу эмес. Бүгүн кошоматчылар — эртең саткындар. Мен өмүр бою мамлекеттик кызматта иштедим. 22 жыл дипломатиялык тармакта, анын ичинде Өзбекстандагы кыргыз элчилигинде үч жыл иштедим. Бул маселелерди ичинен билем. Мен кадрдык дипломатмын. Эч ким мага кызматта түрткү берген эмес. Мамлекетке алып келген пайдам чоң, бирок ал тууралуу жеңил пиар кылган эмесмин.

Учурда ээлеген комитет төрагасынын кызматын тапшырышым керек деген сөз пайда болду. Арыз жазганга даярмын. Убакыт бардыгын көрсөтөт. Жогорку Кеңеште материалды талкуулашыбыз керек. Чечимдерибиз элибизге пайда алып келиши керек. Эл бизге баа берет, эл тараза, эл сынчы. Саясаттагы эң кооптуу нерсе бул — кайдыгерлик,-деди Чыңгыз Айдарбеков.

Вице-премьер-министр Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбековду кесиптештеринин Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү боюнча келишимди колдоо чечимине кол койбогондугу үчүн сынга алды.​

«Чыңгыз Айдарбеков каалагандай каршы добуш бере алат, бирок көпчүлүк мүчөлөрү добуш берген комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү» деп жазды Байсалов Твиттерде. «Анын акылсыз популизми жана жоопкерчиликсиз позициясы бери дегенде анын компетентсиздигин айтып турат. Бирок түпкү мотивдер да бар болушу мүмкүн» деген Эдил Байсалов.

10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун колдоду. 6 депутат «макул», 4 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди.

«Бул маселе боюнча бир нече жолу өз көз карашымды айттым. Кагаздарды, документтерди көрмөйүнчө макулдугумду бере албасымды билдиргем. Мен каршы добуш бердим» деди Айдарбеков комитет жыйынынан кийин.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты