Кемпир-Абадды коргоо комитети Шавкат Мирзиёевге кайрылуу жазды

  • 1 год мурун
Кемпир-Абадды коргоо комитети Шавкат Мирзиёевге кайрылуу жазды

Кемпир-Абадды коргоо комитети Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылуу жазды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

«Биз, Кыргызстандын белгилүү жана таанылган коомдук жана саясий ишмерлери, жарандык коомдун кызыкчылыгын коргогон бир топ, Кемпир-Абад/Анжиян суу сактагычына жакын айылдардын тургундары, пландалган кол коюуну кийинкиге калтырууну өтүнөбүз.

Кыргызстан менен Өзбекстанды тарыхый, туугандык, маданий жана аймактык жалпы байланыштар бириктирип турат жана биз бул келишим эки жакын элдин ортосундагы узак мөөнөттүү пикир келишпестиктердин башталышы болуп калышын каалабайбыз.

Урматтуу Шавкат Миромонович!

Биз сиздин акылмандыгыңызга жана көрөгөчтүгүңүзгө чын жүрөктөн үмүттөнөбүз жана тараптарды Кемпир-Абад/Анжиян суу сактагычын биргелешип башкаруудагы маселелерди жана кесепеттерди чечүүдө кылдат жана салмактуу мамиле жасоого чакырабыз», — деп жазылат кайрылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты