Энергетика министрлиги тарифтин 2, 38 сомго көбөйтүлүшү тууралуу айтып, кийин аны өчүрүп койду
- 2 года мурун
Энергетика министрлиги электр эгергиясын болгон тарифин 2, 38 сомго көбөйтүлүшү тууралуу Фейсбук баракчасында кечээ, 15-мартта билдирген, бирок бир канча сааттан кийин ал билдирүүсүн алып койду.
Бүгүнкү күнү электр энергиясынын тарифи 0,77 сом, эгерде 2, 38 сомго көбөйтүлсө, бул реалдуу нарктан 3,1 эсе төмөн.
Анда электр энергиясынын Кыргызстандагы тарифи Борбор Азия мамлекеттинин ичиндеги эң арзан тариф экендиги, анын иш жүзүндөгү баасы өз наркынан да аз экендиги айтылган.
Кыргызстандагы электр энергиясына болгон тариф дүйнөдөгү эң арзан тарифтердин бири экени чындык. Бирок ошол эле мезгилде Кыргызстандын ИДПсынын киши башына бөлүнгөн көлөмү дагы электр энергиясы кымбат өлкөлөргө салыштырмалуу бир кыйла аз.
Буга чейин бир жыл мурун өлкө башчы энергетика тармагын тарифтерди көтөрбөй туруп өнүктүрүү мүмкүн эмес экенин айтып, бааны төмөндөтүүнү жактагандарды популизмге айыптаган.
Ал эми 2023-жылы 21-январда президент электр энергияснын баасы май аынан калк үчүн 1 сомго чейин көтөрүлөрүн айткан.
«Ушул жылдын май айынан баштап, электр энергиясына болгон тарифти 77 тыйындан 1 сомго көтөрөбүз. Антпесек энергетика тармагыбызды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар. Себеби бүгүнкү күндө өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы Токтогулда чыккан жерден 21 тыйын болгону менен энергетиктердин эмгек акысы, эскилиги жеткен трансформаторлорду, зымдарды, мамычаларды алмаштыруулар кошулуп олтуруп 1 кВт саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт» деген президент.