Министр: «Кыргызстандагы электр энергиясына болгон тариф дүйнөдөгү эң арзан тарифтердин бири». Текшеребиз

27-июлда мамлекеттик органдардын жетекчилери 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасаган иштеринин жыйынтыгы боюнча маалымат беришти. Маалымат жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстандагы электр энергиясына болгон тариф дүйнөдөгү эң арзан тарифтердин бири экени айтып, ал энергетика тармагын өнүктүрүүгө жана реформалоого каржылык жактан мүмкүнчүлүк бербей жатканын билдирди.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча электр энергиясынын өздүк наркы 1 кВт саат үчүн 1,5 сомдон ашканын айткан министр келерки жылдан тарта электр жарыгына болгон баа өсүшү мүмкүн экенин кулак кагыш кылды:

«Белгилеп кетейин, быйыл электр энергиясынын тарифи өзгөрбөйт. Президент Садыр Нургожоевич эл кыйналып турганда кымбаттатпай турууну тапшырган. Бирок кийинки жылы бааны көтөрүш керек деп эсептейм. Мисалы, эгер 2023-жылы энергетика тармагына республикалык бюджеттен субсидия кылбасак, эң төмөнкү тариф 1,5 сом болмок. Ал эми 2030-жылы дагы эки эсе кымбаттамак».

Мындан тышкары ал жакынкы күндөрү электр энергиясын чексиз колдонууга өзүнчө тариф киргизиле турганын кошумчалады. Анын айтымында, бул тарифке өтүүгө эч ким мажбурлабайт, каалагандар өздөрү кошуп алса болот. Баасы 1 кВт саатына 5,4 сом болмокчу.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса, 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Ал эми мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин.

Социалдык тармактын колдонуучулары министрдин электр энергиясынын тарифи тууралуу айткандарын талкууга алып, Кыргызстанда ошол эле мезгилде айлык маяна дагы төмөн экенин жазышууда.

Министр: "Кыргызстандагы электр энергиясына болгон тариф дүйнөдөгү эң арзан тарифтердин бири". Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы министр Доскул Бекмурзаевдин электр энергиясынын баасы тууралуу айткандарын текшерип көрдү.

Бензин, дизель, газ жана электр энергиясынын баасына анализ жүгүзүүчү глобалдык GlobalPetrolPrices.com сайтында Кыргызстан 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча күнүмдүк турмушка керектелчү электр энергиясы арзан өлкөлөрдүн катарына кирген. Электр жарыгына болгон баа ошол кездеги курс менен 1 кВт саат үчүн 0,011 доллар деп эсептелип, Кыргызстан тарифтин арзандыгы боюнча 7-катардан орун алган.

Министр: "Кыргызстандагы электр энергиясына болгон тариф дүйнөдөгү эң арзан тарифтердин бири". Текшеребиз

Ал эми коммерциялык тариф боюнча 11-орунда турат.

Министр: "Кыргызстандагы электр энергиясына болгон тариф дүйнөдөгү эң арзан тарифтердин бири". Текшеребиз

Күнүмдүк турмушта колдонулчу электр энергиясы арзан өлкө катары тизме башында Судан, андан соң Ливия, Ливан, Иран, Эфиопия, Сирия, Кыргызстан, Зимбабве турат. 

Ал эми электр кубатынын баасы кымбат өлкөлөрдүн тизмесин Бермуд аралдары баштайт жана анын катарын Дания, Кайман аралдары, Германия, Нидерланддар, Улуу Британия, Испания жана Бельгия толуктайт.

Министр: "Кыргызстандагы электр энергиясына болгон тариф дүйнөдөгү эң арзан тарифтердин бири". Текшеребиз

Демек, Кыргызстандагы электр энергиясына болгон тариф дүйнөдөгү эң арзан тарифтердин бири экени чындык. Эми электр энергиясы эң арзан делген 8 өлкөнүн жана эң кымбат делген 8 өлкөнүн Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү киши башына эсептегенде канчадан тиерин карап көрөлү. 

Жыйынтык: Кыргызстандагы электр энергиясына болгон тариф дүйнөдөгү эң арзан тарифтердин бири экени чындык. Бирок ошол эле мезгилде Кыргызстандын ИДПсынын киши башына бөлүнгөн көлөмү дагы электр энергиясы кымбат өлкөлөргө салыштырмалуу бир кыйла аз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты