Акыркы жарым жыл ичинде өлкөдө жогорку чыңалуудагы 26 авариялык өчүрүү катталган
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Акыркы жарым жыл ичинде өлкөдө жогорку чыңалуудагы 26 авариялык өчүрүү катталган.
Бул тууралуу бүгүн, 17-августта, Министрлер кабинетинин аппараттык кеңешмесинде айтылды
Министрлер Кабинетинин башчысы билдиргендей, акыркы жарым жыл ичинде өлкөдө жогорку чыңалуудагы 26 авариялык өчүрүү катталган. Бузулуулардын себептери болуп, жабдууларды пайдалануу эрежелерин, коопсуздук техникасын бузуу, жабдуулардын техникалык абалы, ошондой эле аткаруучу уюмдардын күнөөсүнөн электр берүү линиясынын (ЭБЛ) үзүлүүсү жана бузулушу, айрым жооптуу жетекчилердин кайдыгер мамилеси саналат.
Адылбек Касымалиев ар бир пландан тышкаркы өчүрүү социалдык нааразычылыкты жаратып, бизнеске зыян келтирерин баса белгиледи. Бул күз-кыш мезгилине активдүү даярдануу учурунда таптакыр жол берилгис көрүнүш.
Ушуга байланыштуу МинКаб башчысы президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Апсатаровго бул маселени жеке көзөмөлгө алуу, ошондой эле республиканын бир катар аймактарында, анын ичинде 14-августта болгон окуя боюнча электр энергиясынын өчүшүнүн себептерин кылдат изилдөө үчүн атайын комиссия түзүү тапшырмасын берди.
Министрлер кабинетинин башчысы министрликтердин, энергетикалык компаниялардын жана подряддык курулуш уюмдарынын бул өчүрүүлөргө жол берген кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук жана тартиптик баа берүү тапшырмасын берди.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча толук сунуштарды киргизүү тапшырылды.
14-август күнү саат 15:34 чамасында Кыргызстандын бир катар аймагында кыска убакыттын ичинде электр жарыгы жапырт өчүп-күйдү. Мунун себебин расмий органдар Казакстандын энергетикалык системасынын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн байланыштырган жогорку чыңалуудагы электр линиясы тышкы себептерден улам өчүрүлгөндүгү менен түшүндүргөн. Натыйжада Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетикалык системасы (БАБЭС) өзүнчө, обочолонгон энергетикалык түйүн режимине, Кыргыз Республикасынын энергетикалык системасы убактылуу обочолонгон режимде иштөөгө өттү. Жабдууларды сактап калуу максатында автоматтык коргоо системалары белгиленген тартипке ылайык иштегендиги айтылган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




