Бишкекте жана Чүй облусунда электр жарыгы эки сааттан өчүрүлүп турары эскертилди
- 3 недели мурун
Бишкекте жана Чүй облусунда электр жарыгы эки саатка чейин өчүрүлүп турмакчы. Бул тууралуу Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү билдирди.
Бул Борбор Азиядагы, анын ичинде, Кыргызстанда абанын температурасы өзгөчө аптаптуу болуп, электр энергиясын адаттагыдан көп пайдалануу менен байланыштуу экени айтылды. Ошол эле учурда электр түйүндөрүнүн жабдууларына күч келип, нормадагыдан ашыкча иштөөгө туура келүүдө.
Электр түйүндөрүнүн ишин үзгүлтүккө учуратпоо жана авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу үчүн Бишкек шаарында жана Чүй облусунда электр энергиясын берүү эки саатка чейин токтотулушу мүмкүн экени эскертилди.
Энергетика адистери бул чарага калкты түшүнүү менен мамиле кылууга жана электр энергиясын мүмкүн болушунча үнөмдөөгө чакырат.
17-июлда саат 14:15 чамасында Бишкекте жана өлкөнүн бир катар аймактарында электр жарыгы жапырт өчтү. «220 кВ «Кара-Балта – Главная» жана «Главная – Шу» аба чубалгылары өчтү. Натыйжада керектөөчүлөрдү автоматтык түрдө өчүрүү тутуму (САОН) ишке кирген.
18-июлда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын температурасы 43 градуска чейин ысык болууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




