Бааларды жогорулатууга бир жылга мораторий киргизилди

  • 1 месяц мурун

Садыр Жапаров калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жарлык менен калк үчүн айрым тарифтерди, жыйымдарды, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү жогорулатууга бир жылдык мөөнөткө мораторий киргизилет.

Мораторий күчүндө болгон мезгилде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар мораторийге кирген төлөмдөрдү жогорулата алышпайт.

Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга, стратегиялык мааниге ээ тармактардын жана инфраструктуранын үзгүлтүксүз иштешине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу учурларда гана өзгөчө жагдайлар каралган.

Иллюстрациялык сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты