Энергетика министри Ибраев өлкөдө электр энергиясы таңсык болбой турганын билдирди

  • 2 месяца мурун

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Фейсбук баракчасы аркылуу өлкөдө электр энергиясы таңсык болбой турганын билдирди.

“Кыргызстанда энергоодефицит болбойт. Болгону үнөмдөгүлө деп жатабыз. Жылдагыдай эле кошуна өлкөлөрдөн кышкысын 3 сомдон импорт алып келип, элге 1 сом 37 тыйындан берип жатабыз. Ортодогу айырма кайра эле НЭСКтин мойнуна карыз болуп үйүлүп жатат. Ошондуктан президентибиз импортту азайткыла, энергияны үнөмдөп колдонгула, эмдиги жылы калган 25 миллиард сом карыздан кутулгула деп тапшырма койгон. Эмдиги жылы карыздан кутулабыз. Кирешеге чыга баштайбыз. 2028-2029-жылдары кышта импорт албай калабыз деп пландап жатабыз” деп билдирди.

Кыргызстандын улуттук электр тармагы эртең менен жана кечкисин электр энергиясына убактылуу чектөө киргизе турганын билдирди.

Кыргызстандын улуттук электр тармагынын айтымында, көмөк чордондор саат 7:00дөн 9:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейин өзгөчө күч келүү менен иштейт. Ошондуктан, көмөк чордонго оорчулук келип баратса, автоматтык түрдө электр кубаттуулугу 5 киловаттан 3 киловаттка чейин төмөндөтүлө турган болду. Аталган убакыттарда кубаттуу электр шаймандарды (жылыткыч, үтүк, кир жуучу машина ж.б.) бир убакта сайбай турууга чакырды. Чектөө убактылуу экени белгиленди.

Чектөө киргизүү шартында Кыргызстандын улуттук электр тармактары «Чексиз тарифин» киргизүүнү сунуштаган. Чексиз тарифи менен электр энергиясы чектөөсүз берилип, киловатт-саатына 3,81 сом болмок. Бул коомчулук арасында сынга алынып, нааразылыктарды жараткан.

Президент Садыр Жапаров мындай сунуштар электр энергиясынын тартыштыгы шартында кабыл алынбашы керектигин белгилеп, бул багыттагы ишти токтотууну жана жарандар үчүн электр энергиясынын адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоону тапшырган.

Энергетика министрлиги электр энергиясынын «чексиз тарифин» сунуштагандарга чара көрүлүп, жазага тартылганын маалымдаган.  

Сүрөттө: Энергетика министри Таалайбек Ибраев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты