Электр энергиясына эртең менен жана кечинде убактылуу чектөө киргизилет
- 2 недели мурун
Кыргызстандын улуттук электр тармагы эртең менен жана кечкисин электр энергиясына убактылуу чектөө киргизе турганын билдирди.
Кыршызстандын улуттук электр тармагынын айтымында, көмөк чордондор саат 7:00дөн 9:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейин өзгөчө күч келүү менен иштейт. Ошондуктан, көмөк чордонго оорчулук келип баратса, автоматтык түрдө электр кубаттуулугу 5 киловаттан 3 киловаттка чейин төмөндөтүлө турган болду. Аталган убакыттарда кубаттуу электр шаймандарды (жылыткыч, үтүк, кир жуучу машина ж.б.) бир убакта сайбай турууга чакырды.
Чектөө убактылуу экени белгиленди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




