Эмгек кодексине кирген жаңы беренелер
- 3 недели мурун
- Баяндар
Эмгек министрлиги Эмгек кодексинин жаңы беренелери тууралуу эске салды.
Анда айтылгандай, жаңы Эмгек кодексине ылайык, эмгек келишимдерин түзүү жана эмгек китепчелерин толтуруу кагаз түрүндө да, электрондук форматта да жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындан тышкары, иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы эмгек келишиминде аралыктан иштөө (үйдөн) же айкалышкан аралыктан иштөө (кээде кеңседе, кээде алыстан) белгилениши мүмкүн. Эми кызматкерлер аралыктан эле эмес, жарым-жартылай иш менен офисте толук эмес иштей алышат.
Мындан тышкары, иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы эмгек келишиминде аралыктан иштөө (үйдөн) же айкалышкан аралыктан иштөө (кээде кеңседе, кээде алыстан) белгилениши мүмкүн. Эми кызматкерлер аралыктан эле эмес, жарым-жартылай иш менен офисте толук эмес иштей алышат. Жаңы Эмгек кодекси кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды оор, кооптуу же зыяндуу жумуштарга, ошондой эле жер алдындагы жумуштарга (санитардык же үй чарбасы сыяктуу жеңил жумуштардан тышкары) тартууга тыюу салган. Аларга уруксат берилген чектен ашкан салмакты көтөрүүгө уруксат берилбейт.
2024-жылы 18-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Эмгек кодексинин долбоору жана «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынган.
Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 23-январында жаңы Эмгек кодексине кол койгон.
Эмгек кодексине кирген жаңы беренелер
-Жумуш берүүчү тарабынан эмгек акы, эмгек өргүүсүнө чыгуунун акысы, жумуштан бошотулганда төлөнүп берилүүчү акча кечиктирилгенде, кызматкерге 0,25 пайыз пеня төлөнүп берилет;
-Айлык акы боюнча талаш акыны төлөп берүүнүн мөөнөтү үч жыл деп белгиленген;
-Эмгек акы кесиптик стандарттарга жараша, иштин көлөмү, сапаты жана санына жараша төлөнөт;
-Эмгек акы убактылуу, саатына жана жасаган жумушуна жараша төлөнүп берилет;
-Эмгек акынын кесиптик эмес жумушу үчүн минималдуу көлөмү Кыргызстан аймагы боюнча жумушка жарамдуу адамдын жашоо үчүн зарыл көлөмүнө чейин этап-этабы менен көбөйтүлүшү керек;
-Эмгек келишиминин, эмгек мамилелеринин процедурасы жөнөкөйлөштүрүлгөн, эмгек келишими, эмгек китепчеси электрондук түрдө да толтурулат;
-Эмгек келишиминин негизинде жумушту аткаруу дистанциялык, аралаш дистанциялык да болушу мүмкүн;
-комбинациялык дистанциялык жумуш, кесиптик стандарт, дуалдык окутуу ж.б. каралган;
-Мамлекеттик кызматкерлердин эмгек мамилеси боюнча маселелер жөнгө салынган, анын ичинде эмгек келишимин жокко чыгаруу, жеке эмгек талаш маселелери ж.б.
-Кош бойлуу аялдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салуу чаралары, бала эмизген аялдарды оор жумуштарга чегерүүгө, ден соолукка зыяндуу жана кооптуу жайларда иштетүүгө тыюу салуу;
-Мамлекеттик майрамдарды майрамдоонун санын кыскартуу, майрам күндөрдү жумуш эмес күн деп жарыялоого тыюу салуу, жаңы жылдык жана май айларынын каникулдарын белгилөө каралган,
-Дем алыш күндөрдү жылдырууга тыюу салынган;
Майыптыгы бар адамдарга, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө да жумуш орундарын квоталоо чаралары каралган.
Сүрөт: Интернет булактарынан