Жогорку Кеңеш Эмгек кодексинин долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 18-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Эмгек кодексинин долбоору жана «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы. Депутаттардын суроолоруна Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров баштаган жетекчилер жооп беришти. 

Мыйзам долбоорлору кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна жетишүүгө багытталган.

Анын ичинен, долбоорлор менен эмгек келишиминин, эмгек мамилелеринин тартибин жөнөкөйлүштүрүү; Кыргыз Республикасында мамлекеттик майрамдардын жана жумуш эмес майрамдардын санын кыскартуу; жаңы жылдык жана май каникулдарын белгилөө; дем алыш күндөрүн которуу ченемин жокко чыгаруу; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча атайын иш-чараларды белгилөө.

Мыйзам долбоорун талкуулоодо депутат Эльвира Сурабалдиева жашы жете элек балдардын эмгекке тартуу маселелерине токтолуп, Эмгек кодексинин долбоорундагы нормаларды тактады.

Депутат Камила Талиева мыйзам долбоорундагы деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жана андан бийик жайгашкан калктуу конуштар, оор эмгек шарттары, коркунучтуу жана зыяндуу факторлор боюнча маселеге токтолду.

Эл өкүлү Гүлшаркан Култаева оор шартта иштеген кызматкерлердин нормаларын киргизүү, жеке ассистенттердин маянасын жашоо минимумуна карата төлөө жагдайларына көңүл бурду.

Депутат Рустамбек Советбек уулу Ноокат районунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды майыптык араба менен камсыздоону тездетүү, социалдык кызматкерлердин маяналарын көтөрүү тууралуу сунуштарын айтты. Депутат Айсаракан Абдибаева жумуш учурунда ден соолугунан жабыркаган жана каза болгон жабырлануучуларга төлөнүүчү кенемтелердин суммасын тактады. 

Ошондой эле жыйында “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды. 

Сүрөт: Интерент булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты