Эльнура Алканова депутаттыкка талапкер болду

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкек шаарынын № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө арыз бергендердин саны 19 кишиге жетти.  Кийинки болуп Свердлов шайлоо округу боюнча талапкерликке журналист Эльнура Алканова БШКга арыз жазды.   

Эльнура Алканова 2020-жылдагы жокко чыгарылган шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынын катарында шайлоодо жеңип чыккан. Бирок 2020-жылдагы толкундоолордон кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.  

Бишкек шаарынын Свердлов шайлоо округу боюнча:: Бакытбек Болотбеков, Улукбек Тургунбаев, экс-депутаттар Ирина Карамушкина, Шайлообек Атазов, Муратбек Султанбеков, Эдил Бейшенбаев, Жусубалы Керимбаев, Назгүл Жолдошева, Жаныбек Асанбеков, Гуля Алмамбетова арыз берген.  

Биринчи май шайлоо округунан: Рыскелди Момбеков, Адылбек Гапаров, Русланбек Акылбеков, Рысбай Аматов, Анвар Сартаев, Нурбек Токтакунов, Шадыкан Жакыпбеков,   Элвира Сурабалдиева арыз берген.

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты