Элмурза Сатыбалдиев Беларуста Курманбек Бакиев менен жолукканын ырастады

  • 7 месяцев мурун

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан депутат Элмурза Сатыбалдиев Минскиде мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолукканын «Кактус-медиа» басылмасына тастыктады.

Элмурза Сатыбалдиев Курманбек Бакиев менен Минскиден жолукканын билдирди:

«Бактыбек Үсөновичтин Бакиев менен байланышы болгон эмес. Эгер өзүм жөнүндө айтсам, ушул сапарда Бакиев менен жолуктум. Ал менин президентим болгон, аны менен иштешкем. Бул — адамдык мамиле. Аны көргүм келди, учурашкым келди. Саясат тууралуу эмес, жашоо-тирлик тууралуу сүйлөштүк» деди ал.

Ал эми «Азаттыкка» да муну ырастап мындай деген:

“Мен да ушул делегациянын катарында бардым, бирок өз каалоом менен Курманбек Салиевичке жолуктум. Өзүмдүн демилгем менен, делегациядан, сапардан тышкары. Минск шаарында. Себеби, мен ал киши менен иштегем кол астында, аны баары билет. Жакында, билесиңер, келинчеги кайтып кетти, ошого жолугуп, көңүл айтып коёюн деп өзүм демилге көтөрүп, жолуктум”.

Элмурза Сатыбалдиев парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана фракция лидери Бактыбек Сыдыков Беларуста Бакиев менен жолуккан эместигин билдирген.

Сатыбалдиев бул жолугушууга төрага Нурланбек Шакиев жана депутат Бакытбек Сыдыков да катышканы тууралуу сөздөрдү четке кагып, “төрага протоколдон бир мүнөт ары же бери чыга албай турганын”, ал эми Сыдыков менен жолугууга эч кандай себеп жок экенин айтып, “анткени булар атасы аркылуу гана байланыштуу болушкан” деп кошумчалады.

ЖКнын маалымат кызматы Беларуста Шакиев Бакиев менен жолукканы тууралуу ЖМКдагы маалыматты төгүндөдү

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларуста мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолукканы тууралуу тарап жаткан маалымат жалган экенин 10-октябрда «Азаттыкка» спикердин маалымат катчысы Алтынбек Деркембаев билдирди.

Ал жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылып, мындай сөздөрдү жайылтуудан карманууга чакырды:

«Бул жалган маалымат. Мен да көрдүм, өзүн блогер деп эсептеген адамдар жеке баракчасына ушундай калп маалыматты жайгаштырып, бөлүшүп жатышат. Өлкө жетекчилеринин мындай расмий сапарларынын программасы алдын ала макулдашылып, эки өлкөнүн протоколдук, күзөт кызматтары биргеликте иштешет, ошондуктан жолугушуулар ачык-айкын өткөрүлөт. Төраганы баарыбыз коштоп жүрдүк, менден башка элчиликтин да кызматкерлери жолугушууларга катышып жүрдүк. Курманбек Бакиев менен жолугушуу болгон эмес».

4-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Беларуска расмий иш сапары менен барып келген. Делегациянын курамында депутаттар Медербек Саккараев, Бактыбек Сыдыков, Элмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов жана Арсланбек Малиев болгон.

Интернетте Минскиде Шакиев жана депутаттар Элмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков Бакиевдин сыйлуу коногу болгону, аларды мурдагы президент өзү чакырып, сый тамак уюштурганы тууралуу маалымат тараган.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал өзү жана тун уулу Марат Бакиев соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Сүрөттө: Элмурза Сатыбалдиев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты