Адылбек Касымалиев Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолугушту
- 2 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий жумуш сапарынын алкагында Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу соода жүгүртүүнү жана инвестицияны көбөйтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, эки тарапты кызыктырган тармактарда кызматташууну кеңейтүү боюнча практикалык кадамдарды жасоо маселелери талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Беларустун эки тараптуу, ошондой эле ЖККУ, КМШ, ЕАЭБ жана ШКУ алкагындагы натыйжалуу кызматташуусу белгиленди.
Маектешкендер акыркы жылдарда бизнес жана гуманитардык байланыштар үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгилешти.
Бул Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысынын акыркы 24 жыл ичиндеги биринчи расмий сапары болгону белгиленди.

Сүрөттөр: gov.kg




