Садыр Жапаров: “Бакиевди алып келем деп соодалашкыдай Бакиевге милдеттүү же карыз эмесмин”

  • 1 месяц мурун

Кой-Таш окуясы боюнча соттун чечиминен кийин Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев “Бул чечимди мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн соодалашууга пайдаланат” деп айтканына президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде мындайча жооп берди:    

— Бакиевди алып келүүгө чынымды айтсам, мен кызыкдар эмесмин. Тескерисинче, өздөрү кызыкдар болуш керек эле. 2010-жылдан бери “Бакиевди алып келели десек, Беларусь тарап бербей жатат” деп элди алдап келишпеди беле. Ушул калптары элге ачыкталып калды. Биз сурасак, “макул берели, бирок ачык сот кылгыла” дешти. Ага да өздөрү каршы чыгып жатышпайбы. Соттун ачык болуусуна эч кимиси кызыкдар эмес. Эски жараны чукубай эле койбойсуңарбы деп атышат. Ошондуктан, Бакиевди алып келүү үчүн соодалашат деген сөз — жаш баланын сөзү. Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай мен Бакиевге милдеттүү же карыз эмесмин.

Мага эң негизгиси өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп турса болду. Чындап эле эски жараны чукубай эле коелучу деп ойлодум. Ачык сот болгондо деле күнөөлүүлөрдү соттош кыйын болот. Анткени окуя 10 жылдан ашып, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетти, -деди Садыр Жапаров.  

3-июнда кечинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту, судья Азирет Медеров Кой-Таш окуясы боюнча өкүмдү угузду.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй-мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик сыйлыктарын кайтарып алуу менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды: президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду — 7 жыл 8 айга, саясатчы Равшан Жээнбековду — 7 жыл 8 айга, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкинаны 7 жыл 6 айга эркинен ажыратуу өкүмү чыкты. Сот залынан Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина камакка алынды.

Сот Аскарбек Шадиев менен Алмазбек Атамбаевден 5 млрд 439 млн сом өндүрүү чечимин чыгарды.

2023-жылы 18-февралда президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, анда Кыргызстандын буга чейинки бардык президенттеринин башын кошкон жолугушуу өткөргөнүн, ал нейтралдуу тарапта болгондугун, анда сөз болгондор тууралуу билдирди. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчы Садыр Жапаров менен жолугушууга бардык мурдагы президенттер катышканын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан. “Жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышты” деп билдирген.

Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минскиде баш калкалап келет. 2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы онго жакын факты боюнча айып тагылган. 

Cүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты