Малайзияга сапары аяктап, Жапаров ЕАЭБ жыйынына, Минскиге барды
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июнда, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана IV Евразия экономикалык форумуна катышуу үчүн иш сапары менен Минск шаарына барды.
Бул тууралуу президенттик администрациянын сайтында маалымат берилди.
Жапаровду Беларустун премьер-министринин орун басары Виктор Каранкевич жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуучу мамлекеттердин туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.
Буга чейин, 24-25-июнда президент Малайзияга сапар менен барган.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




