Александр Лукашенко Беларуста Курманбек Бакиев жакшы жашап жатканын айтты
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 27-ноябрда, Бишкекте Жамааттык Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Александр Лукашенко Кыргызстандын бозгундагы президенти Курманбек Бакиев Беларуста жакшы жашап жатканын журналисттердин суроосуна берген жообунда билдирди:
-Бакиев жакшы жашап жатат, биз аны силерге кое бербейбиз. “Эч жакка барба, жашай бер” деп жатабыз. Кээде чакырганда мен аныкына конокко барам. Ооба, Кыргызстанды абдан сагынат, куса болот. Мага “жок дегенде атамдын бейитине бир барып келсем” деп айтып калат. “Кыргыздар атасынын бейитине барууга президентине уруксат бербегени жосунсуз жорук. Муну биз азыркы президент менен чечебиз” деди Беларустун мамлекет башчысы Лукашенко.
Александр Лукашенко 27-ноябрда өткөн Жамааттык коопсуздук кеңешинин Бишкекте өткөн жолугушуусуна келген.
Кой-Таш окуясы боюнча соттун чечиминен кийин Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев “Бул чечимди мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн соодалашууга пайдаланат” деп айтканына президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде мындайча жооп берген:
-Бакиевди алып келүүгө чынымды айтсам, мен кызыкдар эмесмин. Тескерисинче, өздөрү кызыкдар болуш керек эле. 2010-жылдан бери “Бакиевди алып келели десек, Беларусь тарап бербей жатат” деп элди алдап келишпеди беле. Ушул калптары элге ачыкталып калды. Биз сурасак, “макул берели, бирок ачык сот кылгыла” дешти. Ага да өздөрү каршы чыгып жатышпайбы. Соттун ачык болуусуна эч кимиси кызыкдар эмес. Эски жараны чукубай эле койбойсуңарбы деп атышат. Ошондуктан, Бакиевди алып келүү үчүн соодалашат деген сөз — жаш баланын сөзү. Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай мен Бакиевге милдеттүү же карыз эмесмин. Мага эң негизгиси өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп турса болду. Чындап эле эски жараны чукубай эле коелучу деп ойлодум. Ачык сот болгондо деле күнөөлүүлөрдү соттош кыйын болот. Анткени окуя 10 жылдан ашып, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетти,-деди Садыр Жапаров.
2023-жылы 18-февралда президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, анда Кыргызстандын буга чейинки бардык президенттеринин башын кошкон жолугушуу өткөргөнүн, ал нейтралдуу тарапта болгондугун, анда сөз болгондор тууралуу билдирди. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчы Садыр Жапаров менен жолугушууга бардык мурдагы президенттер катышканын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан. “Жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышты” деп билдирген.
Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минскиде баш калкалап келет. 2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы онго жакын факты боюнча айып тагылган.
Сүрөттө: Бозгундагы мурдагы президент Курманбек Бакиев. Интернет булактарынан




