Садыр Жапаров: «Бакиев келсе эмне болуптур? Жакшы болуптур да»

  • 1 месяц мурун

Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кыскача маегинде мудагы президент Курманбек Бакиев келет экен деген коомчулуктагы сөздөргө жооп берди.   

-“Коркконго кош көрүнөт” деген таамай айтылган сөз бар. Ширшов менен Бакиевден корккондор ушундай жалган ушактарды тарата беришет. Аларга ишенүүнүн кереги жок. Жакында эле “Бакиев келет экен” деп бир дүрбөп чыгышты эле. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бирөө мага чыгып: “Эски жараны козгобой эле койбойсуңарбы”дейт. – “Эмне жара?” — десем, — “Бакиев келе жаткан турбайбы” дейт.“Келсе эмне болуптур? 15 жылдан бери алып келе албай жаттыңар эле го? Келсе жакшы болуптур да. Кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз. Бир жагында силер — Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, экинчи жагында Бакиев олтурат дагы, соттук териштирүүлөр болот. 15 жыл мурда болгон жашыруун сырлардын баары ачылат эле да”, — десем, — “Ошонун кереги жок эле да”- дейт. Демек, корко турган бир нерселери бар да” деди президент Жапаров.

Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгын көздөгөн Икрамидин Айткуловдун кайрылуусуна байланыштуу 11-апрелде ага жообун жарыялады.

Ишти кароонун жыйынтыгы боюнча Конституциялык сот төмөнкүдөй тыянактарга келди.

«Сырттан соттоо тартибинде соттолгон ар бир адам Кыргыз Республикасынын аймагына келген шартта, ал сотко келүүнү өз ыктыяры менен чечкендигине же бул компетенттүү органдардын ишинин натыйжасы болгондугуна карабастан, анын түздөн-түз катышуусунда ишти кайра кароого анык мүмкүнчүлүккө ээ болууга тийиш».

2010-жылы бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Бакиевдин иши боюнча Конституциялык сотко кайрылган. Бул тууралуу Конституциялык соттун сайтына 2024-жылы 9-декабрда жарыяланган.

Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минскиде баш калкалап келет. 2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы онго жакын факты боюнча айып тагылган. 

Сүрөттө: Бозгундагы мурдагы президент Курманбек Бакиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты