Нурланбек Шакиев Беларуска аттанды: Кимдер коштоп кетти?  

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 4-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Беларуска расмий иш сапары менен жөнөп кетти.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштешүү бөлүмү кабарлады.  

Маалыматта айтылгандай, расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Алсак, жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Делегациянын курамында депутаттар Медербек Саккараев, Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов жана Арсланбек Малиев бар.

Сүрөт: Беларусь парламентинин имараты. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты