Ишкер Тимур Файзиев УКМК тарабынан кармалды

  • 7 месяцев мурун

Ишкер Тимур Файзиев УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Азырынча Тимур Файзиев эмненин негизинде кармалганы белгисиз.

УКМК бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Файзиев «Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү катары таанылган.

2021-жылдын 28-майында Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялаган. Ал Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шек саналып жаткан. Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-майда ишкердин бөгөт чарасын карап, камакка алууга сыртынан чечим чыгарган.

7-июнда Биринчи май райондук соту ишкерди сырттан камакка алуу чечимин өзгөртүп, эч жакка кетпөө тил каты менен камакка алган эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты