Элдин үнү: Кадамжайда электр жылыткычтарын жагууга тыюу салышууда

  • 2 года мурун

Баткен облусунун Кадамжай районунда райондук электр тармагынын кызматкерлери тургундардын электр жылыткычтарын жагуусуна тыюу салууда. Бул тууралуу «Фейсбук» социалдык тармагынын колдонуучусу Наргиза Идирисова өзүнүн баракчасында жазып чыкты.

«Кадамжайда үйлөргө кирип, мына ушундай кылып «пломба» басып, газга өткүлө, көмүр жаккыла деп электр жылыткычтарына тыюу салып жатышыптыр. Балалуу үй-бүлө сууктун күнүндө электр меши жок түнү менен көмүр жагып чыгышы керекпи эми? Көмүрдүн баасы асманда болуп жатса, бир кышка бир тонна көмүр алып, калганын ток менен чыккандарга көмүр алыш оңой эмес го», — деп жазган Идирисова.

Элдин үнү: Кадамжайда электр жылыткычтарын жагууга тыюу салышууда
Элдин үнү: Кадамжайда электр жылыткычтарын жагууга тыюу салышууда
Элдин үнү: Кадамжайда электр жылыткычтарын жагууга тыюу салышууда
Элдин үнү: Кадамжайда электр жылыткычтарын жагууга тыюу салышууда

Белгилей кетсек, «Түндүк электр» ишканасы 1-ноябрдан тартып бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген.

Андан соң президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу электр энергиясы жана көмүр маселеси боюнча түшүндүрмө берип, Кыргызстан энергетикалык кризистен 2024-2025-жылдарга барып чыгарын, ага чейин «айла жок чыдаш керек экенин» жазган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты