Миллион сом пара алууга шектелген Кадамжай райондук ИИБ кызматкерлери кармалды

Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери боюнча тергөө иши Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) тергөө кызматына жүктөлгөн. Бирок тергөөчү Т.А. Исхак-Полотхан айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Н.С. жана аймактык милиция кызматкери Ш.Ж. менен ич ара бүтүмгө келишип, 1 000 000 сом пара алуу менен шектүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуудан бошотууга макул болууга шектелүүдө.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта УКМКга 2025-жылдын май жана июль айларында Кадамжай районунун аймагында 15 жаштагы тургун бир нече жолу сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерине дуушар болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөндүгү айтылат. Тергөө иши Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) тергөө кызматына жүктөлгөн. Бирок тергөөчү Т.А. Исхак-Полотхан айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Н.С. жана аймактык милиция кызматкери Ш.Ж. менен ич ара бүтүмгө келишип, 1 000 000 сом пара алуу менен шектүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуудан бошотууга макул болууга шектелүүдө.

2025-жылдын 10-августунда ИИМ Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) ички иликтөө кызматкерлеринин көмөгү менен жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Н.С. жана Ш.Ж кармалган. Ш.Ж.га тиешелүү унааны тинтүү учурунда 200 миң сом табылган. Ал эми тергөөчү Т.А. нын иш бөлмөсүнөн жабырлануучу менен арыз ээсинин алгачкы көрсөтмөлөрү өзгөртүлүп, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча каршы көрсөтмөлөрдү, тосмо арыздарды камтыган тергөө материалдары алынды.

Маалыматта айтылгандай, жогоруда аныкталган фактылар жашы жете электерге карата жасалган өзгөчө оор кылмышты атайылап жаап-жашыруу, тергөө боюнча материалдарды бурмалоо жана кызматтык ыйгарым укуктарын одоно түрдө кыянаттык менен колдонуу боюнча мыйзам бузууларды тастыктайт.

Мындан тышкары, А.А. аттуу жаран кызмат адамына 1 000 000 сом пара берүү боюнча шектүү катары кармалды. Ал ири акча каражатын кылмыш ишин кыскартып, кырдаалды оң жагына чечүү максатында жабырлануучунун атасынан тосмо арыз алууга, ошондой эле жабырлануучу М.А. нын көрсөтмөлөрүн өзгөртүүсүнө көмөк көрсөткөндүгү үчүн Н.С. жана Ш.Ж.га берген.  

Айыпталуучулар кармалып, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Иш кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту жана 345-берене боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты