Электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилди

  • 2 года мурун

«Түндүк электр» ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатт жана үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизди. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта мындай кадам алдыдагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү жана электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу максатында жасалып жатканы айтылат. Мекеме Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жылдагыдан аз экенин белгилеп, кардарларды бул аргасыз чечимди түшүнүү менен кабыл алууга чакырган.

Чектөө качантан тартып киргизилгени тууралуу айтылган эмес.

Белгилей кетсек, 15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирген.

Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан алат. Министрлер кабинети Орусиядан электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты