ИИМдин Кадамжай райондук күзөт кызматынын башчысы пара алууга шектелип кармалды

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кадамжай райондук күзөт кызматынын башчысы Т.К.А. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. _

Кармалган Т.К. А ай сайын 10 миңден 30 миң сомго чейин акча опузалап алып тургандыгы аныкталган.

ИИМдин Баткен облусу боюнча ички иликтөө бөлүмү менен бирге жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Т.К.А. кезектеги 95 000 сом алып жаткан учурда кармалган.

Учурда ал  УКМКнын Баткен облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты