Жапаров: Электр энергиясын импорттоочу эмес, экспорттоочу өлкөгө айланабыз

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу электр энергиясы жана көмүр маселесине байланыштуу акыркы кырдаал боюнча түшүндүрмө берди.

Ал бирдирүүсүндө акыркы 10 жылдан бери өлкөдө бир дагы ГЭС курулбагандыгын, Кыргызстан суунун башында турганына карабастан, электр энергиясын коңшу өлкөлөрдөн кымбат баада сатып алып турганын жазган.

«Кыргызстан үчүн бул өтө уят иш. Арзан баада алса дагы мейли дейсиң го. Бир киловатын беш сомдон алышып, элге 77 тыйындан берип турушкан. Албетте беш сомдон деп кагаз жүзүндө көрсөтүлгөнү менен чыныгы баасы арзан эле болсо керек. Калганы чоңдордун чөнтөгүнө кетип турган. Балким, ушундай кызыкчылыктарды улантып, жыргап жашай бериш үчүн өзүбүздө жаңы ГЭСтерди курушкан эместир? Ошентип жеп келишип энергетика системасын банкрот абалга жеткиришкен. Жыйынтыгында 140 миллиард сомго жакын карызга батырышкан. Бүгүнкү күндө мына ушул сумманы Энергетика министрлиги ички жана тышкы булактарга карыз «.

Жапаров мындан тышкары өзүнүн тапшырмасы менен сырттан карыз алуу токтогонун, импорттун баасы эки эсеге түшкөнүн кошумчалаган.

«Мына бүгүн импорттун баасы эки сомдун тегерегинде болуп жатат. 140 миллиард сом карызды көбөйтпөстөн четинен кутулуп баштадык. Кичи жана орто ГЭСтерди сала баштадык. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдарга барып энергетика системасын кризистен алып чыгабыз. Импорттоочу эмес, экспорттоочу өлкөгө айланабыз. Ага чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаевди “куурдак” кылып кууруп жесеңер дагы бул система кризистен чыкпайт. Анча мынча мүчүлүштүктөр сөзсүз болот. Айла жок чыдайбыз».

«Түндүк электр» ишканасы 1-ноябрдан тартып бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген. Ишкананын басма сөз кызматы мындай кадам алдыдагы күз, кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү жана электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу максатында жасалып жатканын маалымдады. Мекеме Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жылдагыдан аз экенин белгилеп, кардарларды бул аргасыздык чечимди түшүнүү менен кабыл алууга чакырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты