Баткен облусунда жер титиреди
- 2 месяца мурун
Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, бүгүн, 22-сентябрда, саат 08 час 04тө Баткен облусунда очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Көтөрмө айылынан 5 чакырым түндүк-батышта, Тамаша айлынынан 6 чакырым түндүк-чыгышта, Майдан айылынан 7 чакырым түндүк-батышта, Кадамжай шаарынан 13 чакырым түштүк-батышта болгон.
Жер титирөөнүн күчү Көтөрмө, Тамаша, Майдан айылдарында, Кадамжай шаарында үч баллга жеткен.
Ошондой эле Баткен облусунда кечээ, 21-сентбярда, очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Баткен шаарынан батышынан 5 чакырым, Базар-Башы айылынан 5 чакырым түштүк-батышынан 5 чакырым, Кызыл-Жол айылынан 5 чакырым түндүк-батышта болгон.
Жер титирөөнүн күчү Баткен шаарында, Базар-Башы, Кызыл-Жол айылдарында үч баллга жеткен.
Сүрөт: Сейсмология институту




