Баткенде мунайды кайра иштетүүчү мурдагы завод аймагынан чыккан өрт өчүрүлдү
- 3 недели мурун
- Видео
Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан мурдагы мунай затты кайра иштетүүчү заводдун аймагынан чыккан өрт саат 12:29да өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Тилсиз жоону өчүрүүгө төрт унаа тартылган. ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 150 чарчы метрди түздү.
Бүгүн, 28-октябрда, Баткен облусунун Кадамжай районунда Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Бүргөндү айылында мурдагы мунай затты кайра иштетүүчү жайдан өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө саат 09:47дөн тартып өрт өчүрүүчү машиналар жөнөтүлгөн.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




