«Эл тараза. Тарыхты убакыт тастыктайт». Атыр Абдрахматова ЖК чечимине жооп узатты

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 3-майда, парламент депутаттардын өзүн мөөнөтүөнн мурда Акыйкатчы кызматынан бошотуу боюнча кабыл алган чечиминен кийин, Атыр Абдрахматова Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү жасап, эл тараза экенин, тарыхты убакыт тастыктаарын жазды.

«Эркин элдин эртеңи болот. Кыргызстандын эркиндигине кызмат кыл, мен чапкан жолдун сапарын улантар урпагым чыгарына ишенем» деген эле чыныгы элдик лидер Жусуп Абдрахманов.
Мен да ишенем, Жусуп Абдрахмановдун урпактары көппүз. Эл тараза, тарыхты убакыт тастыктайт…» деди ал.

Бүгүн, 3-майда, Жогорку Кеңеш Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын сунушу боюнча кызматтан бошотууну колдоду. Акыйкатчыны кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотууга 50 депутат макулдугун берип, 5 депутат каршы чыкты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты