Депутат Чойбеков баалар кымбаттап жаткандыгы боюнча маселе көтөрдү
- 3 недели мурун
- Баяндар
Бүгүн, 20-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков өлкөдө товарлардын баасы кымбаттап жаткандыгы, ага өкмөт тарабынан кандай чаралар көрүлүп жакандыгы боюнча маселе көтөрдү.
-Күйүүчүңмайлоочу заттардын баалары 100 сомго чапчып, жетейин деп калды. Эгерде күйүүчү майлоочу заттар, бензин, солярка кымбаттаса, кескин түрдө башка товарлардын баасы да көтөрүлөт. Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кымбаттап жатат. Өткөн жумаларда эле Адылбек Алешович (Касымалиев-ред.) Кыргызстанда жакын арада баалар көтөрүлөт деп божомолдоп, интервью берди. Эгерде биз жон терибиз менен сезип, баалар көтөрүлө турганын билип жатсак, кандай иштер аткарылып, кандай кадамдар болуп жатат деген маселе туулат. Ошондуктан бензин, солярка биздин өнөктөштөрүбүздүн кырдаалына жараша экен, буга таасир кыла албайт экенбиз. Бирок аткаруучу бийликтин түздөн-түз милдети кечиктирбестен биздин өнөктөштөрүбүз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, турукташтыруу деп ойлойм,-деди депутат Чойбеков.
Депутат Чойбеков ошондой эле азык-түлүктүн айрым түрү чет өлкөлөрдөн ташылып келип жатканы, анын ордуна атамекендик азык-түлүктү жолго коюу маселесин көтөрдү:
-Бирок бизге көз каранды, биздин азык-түлүк маселелерибизди өзүбүз карасак деген ойду айткым келет. Азыр базарларга, дүкөндөргө кирсеңер, картошканын түр-түрү бар, алыскы чет өлкөлөрдөн алынып келип жатат. Ал эми биздин өзүбүздүн, атамекендик картошканы таппайсың. Ошон үчүн башка эле айыл чарба продукциясы да жок болуп жатат. Өзүбүздү өзүбүздүн продукция менен камсыздай албасак, биз туңгуюкка келип калабыз деген сөздү айткым келет. Биз ушул жаатта иш алып барбасак, оор болот деген тыянактар келип жатат. Пандемиядагыдай чек арабыз жабылып кала турган болсок, кантип биз өзүбүздү камсыздай алабыз? Ошондуктан нан, картошка, жумуртка, сүт азыктары менен камсыз кылуу мамлекеттин милдети деп ойлойм,-деди депутат Бактыбек Чойбеков.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Жунда» мунайды кайра иштетүүчү заводунун («Чайна Петроль Компани» жабык акционердик коому- ЖАК) ишмердүүлүгү боюнча 19-майда кеңешме өткөрдү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев күйүүчү майдын баасы дароо көтөрүлбөй, эки жумада бир жолу бир сомго кымбаттай турганын “Биринчи радионун” эфиринде айтты.
Сүрөттө: Депутат Чойбеков. kenesh.kg




