Эл аралык кинофестивалда “көк килемге” ачык көйнөк кийип чыккан катышуучу үчүн уюштуруучуларга сөгүш берилди
- 1 год мурун
Кинематография департаменти Бишкек эл аралык кинофестивалынын уюштуруучуларына андагы катышуучу Жанара Осмоналиеванын “көк килемге” ачык көйнөк кийип чыкканы үчүн сөгүш берди.
Эл аралык кинофестиваль 11-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн. Андагы “көк килемден” блогер Жанара Осмоналиева өтө үлбүрөгөн ачык көйнөк кийгени коомчулукта талкуу жараткан.
Кинематография департаменти ал катышуучунун ачык көйнөк кийип чыкканын кубаттабай турганын билдирди.
«Кинематография департаменти тарабынан Кинематография департаментинин директорунун орун басарына эскертүү, кинофестивалдын директоруна, уюштуруучуларга жана тиешелүү кызматкерлерге сөгүш берилди. Кинематография департаменти маданиятка каршы аракеттерди колдобойт жана кабылдабай тургандыгын билдирет» деп айтылат маалыматта.
Фестивалдын алкагындагы программалар 15-июнга чейин уланат. Фестивалга 26 өлкөдөн 70тен ашык конок, 200гө жакын кинематографист катышууда. Фестивалдын алкагында 30дан ашык тасма көрсөтүлөт, 7 мастер-класс өтөт жана байге фонду бар питчинг уюштурулат.
Бишкек эл аралык кинофестивалы кино тармагындагы кесипкөйлөрдү бириктирүү, жаңы биргелешкен эл аралык кино долбоорлорду ишке ашыруу, дүйнөлүк киноиндустриянын көңүлүн Кыргызстандын борбор калаасы Бишкек шаарына, ошону менен бирге жалпы эле Борбор Азия аймагына бурдуруу үчүн түзүлгөн индустриалдык аянтча.
Сүрөттө: Эл аралык кинофестивалдын «кызыл килемине» чыккан катышуучу. Социалдык тармактан




