Экс-вице-премьер Жеңиш Раззаков үй камагына чыгарылды  

  • 11 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер Жеңиш Раззаковду үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.  

Жеңиш Раззаков 24-июнга чейин үй камагында болот.  

Раззаков 24-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 1 млн. АКШ долларын алдоо жолу менен алган деп шектелип жатканын кабарлаган.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, өткөн жылдын 20-сентябрында ИИМдин Тергөө кызматына Б.А. (Бурханов Арзыбек-ред.) аттуу жаран мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго чара көрүүнү суранып, арыз жазган.

Милиция 2022-жылдын 1-октябрында кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (“Алдамчылык”) менен иш козгогон. Раззаков 24-январда кармалган. 26-январда шектүүгө кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (“Алдамчылык”) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыбы угузулду.

Жеңиш Разаков 2012-2016-жылдары Баткендин губернатору, андан кийин өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган. 2017-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. 2020-жылы февралда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деген жүйө менен кызматтан кеткенин билдирген.

Сүрөттө: Жеңиш Раззаков. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты