Коррупцияга шектелип, издөөдө жүргөн Нурлан Сулайманов Өкмөттүн кеңешчиси болгону чындык (Фактчекинг) 

18-январь күнү Асылбек Айтиев аттуу Фейсбук колдонуучусу “Мамлекетке 41 миллион  сом зыян келтирип, издөөдө жүргөн Нурлан Сулайманов Өкмөткө кеңешчи болуп дайындалыптыр”,- деген билдирүүнү бөлүшкөн. 

Коррупцияга шектелип, издөөдө жүргөн Нурлан Сулайманов Өкмөттүн кеңешчиси болгону чындык (Фактчекинг) 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Нурлан Сулайманов жана коррупциялык иштер

Нурлан Сулаймановмурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда Транспорт жана жолдор министри болуп иштеген. Ага чейин ал Бишкек-Ош авто жолунун башкы башкармалыгынын директору болуп турган. Ошондой эле 2010-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамы менен Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болгон. 

Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановго 2012-жылы – КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө Сулайманов 2007-жылы тендер өткөрүүдө өзүнүн жакындары менен байланышы бар бир нече компаниялардын кызыкчылыгын көздөгөндүгү аныкталган. 

Буга байланыштуу 2014-жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Нурлан Сулаймановго карата баш коргоо чарасы сыртынан камакка алынып, ага издөө жарыяланган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматка ылайык, Нурлан Сулайманов министр болуп турган убакта мамлекетке дээрлик  41 миллион 220 миң 25 сом зыян келтиргени белгилүү болгон.

Бирок кийинчерээк , Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2016-жылдын 22-апрелиндеги чечими менен мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановго карата козголгон кылмыш иши токтотулган. Мындай чечимдин негизги себеби, кылмыш-жаза жоопкерчилигинин мөөнөтү эскиргендигине  байланыштуу экени белгиленген. 

Нурлан Сулайманов 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Кыргызстан” партиясы менен катышкан

Коррупцияга шектелип, издөөдө жүргөн Нурлан Сулайманов Өкмөттүн кеңешчиси болгону чындык (Фактчекинг) 

Бул интернет тармагында бир топ талкууга жол ачкан. 

“Менин сулуу көздөрүм үчүн кызмат беришкен жок…” 

Нурлан Сулаймановдун, Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун жанында жүргөнү тууралуу маалымат декабрь айында чыккан.

Бул коомчулукта бир катар талаш маселелерге жол ачкан. Ал эми Нурлан Сулайманов “kaktus.media” агенттигине берген маегинде:

“Мен, Министрлер Кабинетинин коомдук башталыштагы кеңешчисимин. Мындай чечим менин ири инвестицияларды тартуу жана алар менен иштөө боюнча тажрыйбам бар болгондуктан кабыл алынды деп ойлойм. Мен көптөн бери ири инвестицияларга байланыштуу бир катар долбоорлорду демилгелеп келем. Башкача айтканда, менин сулуу көздөрүм үчүн кызмат беришкен эмес.”,-деп билдирген. 

Бирок, Нурлан Сулаймановдун Министрлер Кабинетинин коомдук башталыштагы кеңешчиси болгону тууралуу маалымат официалдуу жарыяланган эмес. 

Белгилей кетсек, буга чейин  “Factcheck.kg” сайты Нурлан Сулайманов 15-январдагы Министрлер Кабинетинин жыйынына катышканын аныктаган. Бирок, сүрөттө Сулаймановдун жүзүнүн фотошоп менен жабылганы талкуу жараткан. 

Коррупцияга шектелип, издөөдө жүргөн Нурлан Сулайманов Өкмөттүн кеңешчиси болгону чындык (Фактчекинг) 

Жыйынтык: Коррупцияга шектелген Нурлан Сулайманов Министрлер Кабинетинин коомдук башталыштагы кеңешчиси экени чындык. Бирок бул чечим официалдуу жарыяланган эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты