Экс-премьер-министрдин жакын тууганына Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоо боюнча издөө жарыяланды   

  • 3 месяца мурун

Мурдагы премьер-министр Данияр Усеновдун жакын тууганы М,У.Д.га кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп,  издөө жарыяланды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.     

Маалыматта айтылгандай,  М.У.Д. 2018-жылдан баштап уюшкан кылмыштуу топ өкүлдөрү менен бизнес жүргүзүп келген.  Тагыраак айтканда Чолпон-Ата шаарында “Каганат” пансионатынын жана White түнкү клубунун айланасында жайгашкан Flamingo Bay ресторанына ээлик кылган. Ошондой эле Камчы Көлбаевдин соода-оюн-зоок комплексинде элиталык түнкү клуб ачмакчы болуп жаткан, ага акча каражаттары салынган болуп чыкты.

Мындан тышкары М.У.Д.  Бишкек шаарында  «Асман», Social Coffe, Urban, Sushi Room, Red cow, Cakes/bubble, My shisha, Aroma, “Тесто Место” жайларына ээлик кылган, түшкөн каражаттардын бир бөлүгү уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого жиберилип турган. Андан тышкары Дубайда  ресторан түйүндөрү бар,  SAYA Brasserie, MURA, Eva Beach Restaurant, Patriki, Daily Huqqa жана Milky Jar, Пальм Джумейра (БАЭ), Алматыда Soccial Group Almaty — Eva Terrace, Urban, Local, Daily coffee жана Mongol bar ресторандарынын ээси.           

М.У.Д. алардан түшкөн каражаттарды жашыруу үчүн М.У. жана анын жакын туугандары мүлкөтрдү башка адамдарга каттатканы белгиленди. Чүй облусунда эле 18 жер участогу болгон жана Камчы Көлбаевге тиешелүү “Каганат” эс алуу борборунда коттедждери аныкталган.  

17-январда М.У.Д.га сыртынан кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси, уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыш ишине катышуу боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.  

Экс-премьер-министрдин жакын тууганына Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоо боюнча издөө жарыяланды   
Экс-премьер-министрдин жакын тууганына Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоо боюнча издөө жарыяланды   
Экс-премьер-министрдин жакын тууганына Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоо боюнча издөө жарыяланды   
Экс-премьер-министрдин жакын тууганына Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоо боюнча издөө жарыяланды   
Экс-премьер-министрдин жакын тууганына Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоо боюнча издөө жарыяланды   
Экс-премьер-министрдин жакын тууганына Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоо боюнча издөө жарыяланды   
Экс-премьер-министрдин жакын тууганына Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоо боюнча издөө жарыяланды   
Экс-премьер-министрдин жакын тууганына Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоо боюнча издөө жарыяланды   

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөттөрдө: М.У.Д. га таандык делген мүлктөрдүн бир бөлүгү. УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты