Экс-депутат Равшан Жээнбековдун карындашы Мира Жээнбековага кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Экс-депутат, саясатчы Равшан Жээнбеков карындашы Мира Жээнбековага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК)  кылмыш ишин козгогонун Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.   

-Карындашым Мира Жээнбековага УКМК 104 квартира менен жалган жалаа жаап, калптары чыгып, эми айлалары кетип, “Коррупция” боюнча иш козгошуптур. Азыр эле сурактан келди.

Мурдагы бийликтер оппоненттерин эле куугунтуктап, камачу эле, азыр бир тууган, бала- чака, жардамчыларга өтүп алышты. Бул жол бийликти, мамлекеттик институттарды жана өлкөнү туңгуюкка гана алып барат.

Бул жол менен оппозицияны жок кылуу, оозун басуу мумкун эмес, -деди Равшан Жээнбеков.

Ал ошондой эле карындашы Мираны өткөн жылы жумуштан алып ташташканын, экинчи карындашы Надираны өткөн жылы декабрь айында жумуштан алышканын да белгиледи.

2021-жылдын апрель айынын башында УКМК оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун карындашы, судья болуп иштеген Мира Жээнбекова мыйзамдуу каржы булактары жок туруп, 74 элиталык батир, 19 коммерциялык, 10 унаа токтотуучу жайга ээлик кылаарын жарыялаган.

TEMIROV LIVE медиасынын журналисти Арген Камалдинов бул маалыматты текшерип, УКМК бүтүндөй имараттын баарын бир эсептеп салганын аныктаган.
Имарат Мира Жээнбекова баш болгон эки үй бүлөгө мурда таандык болгон жер тилкесине курулган. Жер тилкесинин ордуна кожоюндары чынында бир нече батир алышкан. Бирок УКМК жар салгандай, бардык батирлерди эмес.

Сүрөттө: Мира Жээнбекова. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты