Улуу Британияда королдун иниси Эндрю Маунтбеттен-Виндзор кармалды
- 2 месяца мурун
Улуу Британияда король Карл IIIтүн иниси Эндрю Маунтбеттен-Виндзор кармалды. Бул тууралуу ЖМК билдирди.
Эндрю Маунтбеттен—Виндзор кызматтык кылмышка шектелүүдө. Полиция америкалык финансист секс-кылмышкер Жеффри Эпштейнге купуя маалыматтарды бериши мүмкүн деген билдирүүлөрдү текшерүүдө. Ал учурда Эндрю Маунбеттен-Виндзор Улуу Британиянын эл аралык соода жана инвестиция боюнча атайын өкүлү болуп иштеген.
Эндрю 66 жашка чыккан өзүнүн туулган күнүндө кармалган. Король Карл III инисинин иштери иликтениши керек дегенди колдоду.
Сүрөт: Эндрю Маунтбеттен-Виндзор. Adrian Dennis/AFP
Муну бөлүшүү




