Жарандык көзөмөл комитети КРнын сот системасына болгон кысымдын уланышына кабатыр

  • 3 года мурун

Жарандык көзөмөл комитети дагы бир судьяга каршы ойдон чыгарылган айып тагылып жатканына кабатырланганын билдирип, БУУнун агенттиктерине, Кыргыз Республикасынын эл аралык өнөктөштөрүнө кайрылат.

2021-жылдын апрель айынын башында УКМК оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун бир тууган эжеси Мира Жээнбекова мыйзамдуу каржы булактары жок туруп, 74 элиталык батири, 19 коммерциялык, 10 унаа токтотуучу жайына ээлик кылаарын жарыялаган.

TEMIROV LIVE фактчек медиасынын журналисти Арген Камалдинов бул маалыматты текшерип көрүп, УКМК бүтүндөй имараттын баарын бир эсептеп салганын аныктаган.
Имарат судья Мира Жээнбекова баш болгон эки үй бүлөгө мурда таандык болгон жер тилкесине курулган. Жер тилкесинин ордуна кожоюндары чынында бир нече батир алышкан. Бирок УКМК жар салгандай, бардык батирлерди эмес.

Жарандык көзөмөл комитети «көзөмөлсүз, чексиз ыйгарым укуктарга ээ орган катары УКМКны кескин реформалоо керек» деген талабын тынбай айтып келе жаткан Равшан Жээнбековго карата коомдук терс пикирди жаратуу максатында ушундай карандай калп маалымат таратылып жатышы мүмкүн деп эсептейт.

Ошол эле учурда бул окуя коррупцияга каршы күрөш деген шылтоо менен УКМК каалаган судьяга каршы жасалма иш козгоп кое ала турганын көрсөткөн, Кыргыз Республикасынын бүтүндөй судьялык корпусуна карата сес көрсөткөндөй таасир берет.
Жарандык көзөмөл комитети БУУнун агенттиктерине, Европа комиссиясына жана башка эл аралык өнөктөштөрүнө кайрылып, БУУнун мүчө мамлекети катары Кыргыз Республикасын адам укугун сактоого, соттордун көз карандысыздыгын сыйлоого чакырышын суранат.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты