Жол талашуу өлүмгө себепкер болду. Өзгөндө киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

  • 2 месяца мурун

Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан киши өлтүрүүгө шектелип, 1993-жылы туулган Х. уулу С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) билдирди.  

24-январь күнү Өзгөн РИИБге аймактык ооруканадан 1999-жылы туулган Э.М. аттуу учтуу нерседен оор жаракат алып, каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, -тергөө башталган. Кылмышка шектүү окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Милиция кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе шектүүнү кармады. Тергөөнүн жүрүшүндөгү баштапкы маалымат боюнча, маркум Э.М. жана кылмышка шектүү Х.уулу С. автоунаа жолун талашып уруша кетишкендиги маалым болду.

Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө улантылууда.

Социалдык тармакта жол боюнда эки жарандын урушу, бири кууп баратканы жана карап тургандардын чуру-чуусу көрсөтүлгөн видео тарады.

Сүрөт: Ош ОИИБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты