Экс-депутат Орозайым Нарматова “Сереп Медиа” компаниясына 50% ээлик кылганын билдирди

  • 6 месяцев мурун

Экс-депутат Орозайым Нарматова “Сереп Медиа” маалымат агенттигинин ээси болгонун иликтөөчү журналист Болот Темиров Фейсбук баракчасына жазды. Орозайым Нарматова бул маалыматты тактап, аталган медианын 50%ына ээлик кылганын билдирди.

«Фейсбук досторум байкаган чыгар, Москвадагы батиримди сатууга койгонмун, күзгө жакын сатылып, «Сереп Медиа» холдингдин жарымына ээлик кылдым. Бактыгүл Сокушова экөөбүз учурда медиа холдингдин тең укуктуу учредителибиз. ТВнын маалымат саясатына жана анда иштеп жаткан журналисттерге менин саясий жолум, пикирим таңууланбайт. Медианы толугу менен Бактыгүл Сокушова жетектейт» деди экс-депутат Нарматова.

«Бирок биздин бийлик белек кылыптыр» деген күмөнүңүр туура эмес болуп калды. Азыр жеке офисибиз жок, бир аз кыйналып жүрөбүз» деди ал.

Экс-депутат Орозайым Нарматова 2022-жылы кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында эл аралык издөөгө алынып, кармалган жана эки айга камалган. Бийликти күч менен басып алуу максатында жапырт баш аламандыкка шектелип абакка алынган Орозайым Нарматова кийин үй камагына чыгарылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарган. Атайын кызмат 14-январда маалымат таратып, Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Сүрөттө: Орозайым Нарматова. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты