Экс-депутат Гүлшат Асылбаева “Бакай банктын” комитет төрайымы кызматына сунушталды

  • 12 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Бакай банк» ачык акционердик коому тарабынан «Бакай банк» ААКтын тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Асылбаева Гүлшат Кадыровнанын талапкерлигине 2023-жылдын 4-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жазылды.

Буга чейин Гүлшат Асылбаева “Бакай Банктын” директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болгон.

Гүлшат Асылбаева Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты, бир катар чуулгандуу мыйзам долбоорунун автору катары белгилүү. Анын бири «Жалган жана такталбаган маалыматтан коргоо тууралуу» (мурдагы «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу мыйзам») мыйзамы болуп саналат.

Өткөн жылы 30-июнда жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер Жогорку Кеңештин алдында бул мыйзам долбооруна каршы митингге чыкты.

Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова буга чейин “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоорун иштеп чыгып, ал коомчулуктун каршы пикирине туш болуп, анын макулдашылган варианты кабыл алынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты