​Дастан Бекешов «Маданият министрлиги ЖМКларды алдап кетти»

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Жалган жана такталбаган маалыматтан коргоо тууралуу» (мурдагы «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу мыйзам») мыйзам долбоорун колдоого алды.


Мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаева документтин негизги милдети адамдын ишенимдүү маалымат алуу укугун коргоо экендигин белгиледи.

«Жалган же адамдын беделин түшүрүүчү такталбаган маалыматтардан эч ким коопсуз эмес. Адам укуктары ар бир адамга берилген нерсе экендигин түшүнүшүбүз керек. Бул мыйзам маалымат каражаттарынын эркиндигин чектебейт. Жарандардын арыздары ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат», — дейт Гүлшат Асылбаева.

Мыйзам долбооруна каршы чыккан депутат Дастан Бекешев бүгүнкү күндө жалган маалымат тараткандарды жоопко тартууга эч кандай тоскоолдуктар жок экенин билдирди.

«Бул мыйзам кимдерге каршы иштээрин барыбыз эле түшүнүп турабыз. Активдүү каршы чыккандарга, ыңгайсыз адамдарга каршы иштейт. Маданиятр министрлиги бул мыйзам долбооруна каршы чыгып жатып, макулдашылган чечимге кол коюп беришиптир. Алар ЖМКларды алдап кетишти. Бул мыйзам жөнөкөй жарандарга абдан чоң зыян келтирет деп эсептейм»,-дейт Дастан Бекешов.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты