Депутат Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакырылды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматова Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) 14-январда саат 16:00гө суракка чакырылды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу ишенимдүү булактарына таянып жазды.

Мунун алдында аталган фракциянын лидери Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протокол тууралуу сурак берип жатканы белгилүү болду.

Милиция Нарматованы былтыр сентябрда Ош аэропортунан Москвага учуп баратканда кармап Бишкекке алып келген. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлап, ошол эле күнү сурактан кийин бошоткон.

Активисттин Кыргызстанга бир тууган агасын жерге берүү үчүн келгенде кармалганын бир катар саясатчылар, депутаттар жана жарандык коом сындап чыккан.

Нарматова президент Садыр Жапаров абакта жатканда анын активдүү колдоочусу болгон, бирок Жапаров бийликке келгенден кийин саясатын кескин сындап жүргөн.

Президент былтыр жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында Нарматованын суракка алынышына каршы болгонун маалымдаган.

«Чычкандай кызга эрегишпейм, аны камабагыла деп ИИМден сурандым​. Бирок ар бир журналист болобу, блогер болобу сүйлөгөн сөзүнө жооп бериш керек», — деген Жапаров.

Орозайым Нарматова 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты