“Экономиканы саясатташтырбагыла”. Садыр Жапаров Улуу Британия жана АКШнын Кыргызстандын айрым банктарына санкциясы тууралуу

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Улуу Британия жана АКШ өкмөтү тарабынан Кыргызстандын айрым банктарына салынган санкцияларына жооп берди. Кыргыз банктары Россияга каршы Батыштын чектөөлөрүн айланып өтүүгө катышканын тастыктаган бир да далил жок экенин билдирди. Мамлекет башчы батыш мамлекеттеринин Кыргызстанга карата мындай каршы кадамдарын экономиканы саясатташтыруунун белгиси катары баалады.

-Эми минтип дал эле “Керемет Банкка” Америка санкция салгандай “Капитал Банкка” да Англия санкция салып жатат. Эч бир далил да көрсөтө алышкан жок. Баягы эле күмөн саноо. Ушундан улам мага дагы күмөн саноо ой келет. Кыргызстандын экономикасы жогорку темп менен өсүп жатканын көрүп, билип турушат да. Мисалы ИДПбыз 11, 7 пайызга чейин өсүп, КМШ өлкөлөрүнүн алдында бара жатабыз. Ушундан улам биздин үстүбүздөн басым жасоо иш-аракеттерин кылып жатышат деп ойлойм. Үлкөн мамлекеттер башка мамлекеттердин тез өнүгүп кетишин каалабайт эмеспи. Баары алардын көзүн карап, сурамжыланып жүргөнүн эле каалашат да. Ошондуктан мен бул өлкөлөрдүн жогорку жетекчилери, Дональд Трампка жана Кир Стармерге кайрылат элем. Балким, аларга маалымат жетпей жатат.

Экономиканы саясатташтырбагыла. Биз көп векторлуу саясат жүргүзүп келе жатабыз. Силер менен да экономикалык жактан кызматташуудабыз. Мисалы Англия мамлекетине эле жылына миллиард долларга алтын сатабыз. Анан мындай бизге кылган мамилеңер адилеттүүлүккө жатпайт. Ошондуктан ишенбесеңер, ошол маалыматтарыңарды көтөрүп алып келгиле бизге. Банк бардык маалыматтарды ачык көрсөтүп бергенге даяр,-деди президент «Кабар» агенттигине берген маегинде.

Ал эми Америка өкмөтүнүн санкциялары тууралуу президент буларга токтолду:

-Январь айында «Керемет Банкка» Америка санкция киргизген. Өзүңүз суроо бергендей, «Керемет Банк» санкцияларды кыйгап өтүшү мүмкүн» деп. Бирок санкцияларды кыйгап өткөн бир дагы факты көрсөтө алышкан эмес. Көрсөтө да алышпайт эле. Себеби санкцияларды кыйгап өткөн бир факты жок эле. Азыр деле жок. Бизде бүгүнкү күндө 21 банк иштейт. Ошол санкцияларды кыйгап өткөн банктар болуп калып бардык банктарыбыз санкцияга кирип калбасын деп бир гана мамлекеттик “Керемет Банк» рубль менен иштесин, бардык операцияларды мамлекет өзүбүз көзөмөлдөп туралы, кирешеси да мамлекеттик казынага түшсүн деп рублди “Керемет Банкка” байлаганбыз. Азыр деле “Капитал Банк” таза кирешени толугу менен мамлекетке төгүп атат,-деди Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.

Улуу Британия Кыргызстандын Grinex криптобиржасына жана «Борбор Азия Капитал банкына» санкция салды.

Ал эми буга чейин АКШ «Керемет» банкына санкция салган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты