Улуттук банк АКШ “Керемет Банкка” салган санкция боюнча комментарий берди
- 4 недели мурун
Улуттук банк АКШ “Керемет Банкка” салган санкция боюнча комментарий берди.
«Бүгүнкү күндө банк сектору туруктуу, тышкы мүнөздөгү ар кандай тобокелдиктерге туруштук бере ала турган жетиштүү капиталга жана ликвиддүүлүккө ээ. Коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатышат жана кардарларга үзгүлтүксүз негизде банктык кызматтарды көрсөтүүдө. Ички валюта рыногундагы жагдай туруктуу.
Кыргыз Республикасынын банк системасына санкциялардын терс таасирлерин азайтуу жана өлкөнүн финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат.
Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банк системасынын туруктуулугун сактоо жана кредиторлор менен аманатчылардын кызыкчылыгын коргоо үчүн кошумча чараларды көрөт, ошондой эле кошумча инструменттерди колдонууга даяр», — деп жазылат маалыматта.