Окуу китептерин басып чыгаруу үчүн 8 млрд 500 млн сом бөлүндү

Мамлекеттик бюджеттен жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга 8 млрд 500 млн сом бөлүндү. 

Бул тууралууу жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу боюнча жарлыкта айтылат. 

Мындан тышкары Министрлер кабинетине жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруунун мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жана бекитүүгө киргизүү боюнча тапшырма берилди.  

Анын ичинде жалпы билим берүү уюмдары үчүн жаңы окуу программаларын, окуу китептерин жана окуу методикалык комплекстерди кайра кароо жана түзүү боюнча мамлекеттик ведомстволор аралык комиссия түзүү,  окуу адабияттарына экспертиза жүргүзүү жана баалоо, окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгууга автордук курамды тандоо жана бекитүү, QR-код менен ар бир окуу куралын жана окуу-методикалык комплексин маркалоо.

Иллюстрациялык сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты