Эки жашар баланы аеосуз сабоого шектелген жаран эки айга камакка алынды

  • 2 года мурун

Сокулук райондук соту эки жашар баланы аеосуз сабоого шектелип кармалган 34 жаштагы С.А. аттуу жаранды тергөө иши аягына чыкканча, эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.      

Буга чейин Сокулук районунда эки жаштагы баланы сабоого шектүү жаран кармалган.

«Баланы уруп-сабоого шектүү катары анын ата-энесине иш берген 1987-жылы туулган С. А. атуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Наристенин апасынын айтымында, алар шектүүгө карыз болуп калышкан. Шектүү Сокулук районунда фермерлик иш менен алектенет. Тергөө иштери уланып, керектүү экспертизалар дайындалды» деп билдирген Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нургүл Нусупова.

Кыргызстанда буга чейин дагы ата-энесинен, жакын тууганынан, же бала багуучудан токмок жеп, ооруканага түшкөн учурлар катталган. Социалдык тармактарда чуулгандуу видеолор жарыяланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты