Сокулукта эки жашар наристени сабоого шектүү жаран кармалды

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Сокулук районунда эки жаштагы баланы сабоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

«Баланы уруп-сабоого шектүү катары анын ата-энесине иш берген 1987-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Наристенин апасынын айтымында, алар шектүүгө карыз болуп калышкан. Шектүү Сокулук районунда фермерлик менен алектенет. Тергөө иштери уланып, керектүү экспертизалар дайындалды», — деп билдирген Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нургүл Нусупова.

Сабалып, аймактык ооруканага жаткырылган эки жаштагы бала тууралуу маалымат милицияга 3-февралда кечки саат 9 чамасында түшкөн.

Кыргызстанда буга чейин дагы ата-энесинен, жакын тууганынан, же бала багуучудан токмок жеп, ооруканага түшкөн учурлар катталган. Социалдык тармактарда чуулгандуу видеолор жарыяланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты