Душанбеде бир катар документтерге кол коюлду
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө бүгүн, 8-июлда, документтерге кол коюу жана алмашуу аземи болуп өттү.
Төмөнкү документтерге кол коюлду:
• Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун биргелешкен билдирүүсү;
• Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы ишеним чаралары боюнча макулдашуу;
• Министрлер кабинетинин жана Тажикстан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешин түзүү тууралуу макулдашуу;
• Министрлер кабинети менен Тажикстан өкмөтүнүн ортосундагы геодезия, картография, жерге жайгаштыруу, кадастр, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жерди аралыктан зонддоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
• Министрлер кабинети менен Тажикстан өкмөтүнүн ортосундагы стандартташтыруу, метрология, продукциянын шайкештигин баалоо жана аккредитациялоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
• Министрлер кабинети менен Тажикстан өкмөтүнүн ортосундагы туризм жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
• Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Тажикстандын саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы социалдык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө меморандум;
• Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги менен Тажикстанын президентине караштуу мамлекеттик кызмат агенттигинин ортосунда мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
• Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Тажикстан тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2026-2027-жылдарга кызматташуу программасы;
• Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Тажикстан өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигинин ортосундагы 2025-2026-жылдарга карата жеткирүү, өнөр жай жана жаңы технологиялар жаатында кызматташуу боюнча иш-чаралар планы;
• Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
• Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Тажикстан өкмөтүнө караштуу телевидение жана радио боюнча комитетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
• Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту менен Тажикстан айыл чарба илимдер академиясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
• “Кыргыз Республикасынын ооода-өнөр жай палатасы менен Тажикстандын соода-өнөр жай палатасынын ортосунда ишкердик кеңешти түзүү жөнүндө” макулдашуу.
Президент Садыр Жапаров Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча, 8-9-июлда мамлекеттик сапар менен Душанбе шаарында жүрөт.
Сүрөт: president.kg




