Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июлда, мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Анда айтылгандай, мамлекет башчыны Душанбе шаарынын эл аралык аэропортунан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.

Душанбе шаарынын эл аралык аэропортунда эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Өз ара саламдашуудан кийин, өлкө лидерлерин улуттук кийим кийген улан-кыздар тосуп алышты. Андан соң мамлекет башчыларына 500дөн ашуун артист катышкан чакан концерттик программа көрсөтүлдү.

Муржа айтылгандй, сапардын алкагында Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле Тажикстандын парламентинин эки палатасынын спикерлери жана өлкөнүн премьер-министри менен жолугушуулар пландалууда.

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды
Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды
Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды
Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, ошондой эле бир катар эки жактуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары сапардын алкагында кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, ошондой эле эки өлкөнүн өнөр адамдарынын катышуусундагы “Түбөлүк достук” концерти өтөт.

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты